Ссылки доступа

Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артыкхожаев иштен алынды


Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 16-январда президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында кыш мезгилинде калкты энергоресурстар менен үзгүлтүксүз камсыздоо чараларына арналган жыйында жарыяланды.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Ташкент шаарынын бардык деңгээлдеги жетекчилери кышка даярдык көрбөгөнү үчүн катуу сынга кабылды.

Артыкхожаев "абалга алдын ала баа бербегени жана кыш мезгилине керектүү деңгээлде даярдык көрбөгөнү" үчүн иштен алынды. Анын ордуна калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп Ташкент акиминин биринчи орун басары Бахтиёр Рахманов дайындалды.

Ташкент акиминен тышкары энергетика министирин орун басары Шерзод Хожаев, "Иссиклик электр станциялари" ишканасынын төрагасы Фарход Абдурахманов да иштен алынды. Ошондой эле Юнусабад, Мирзо-Улугбек, Үчтепе райондук акимчиликтеринин жетекчилери да жумуштан кетти.

Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кызматына жогоруда аты аталган жетекчилердин ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди.

Жахонгир Артыкхожаев Ташкент шаарынын башчысы болуп 2018-жылы апрелде дайындалган. Өткөн аптада Ташкент мэриясы катуу сууктан улам көчөдө үшүгөндөргө беш күн катары менен бекер аш тараткан.

Видео

XS
SM
MD
LG