Ссылки доступа

Тажикстанда суюлтулган газдын баасы кыйла төмөндөдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда суюлтулган газдын баасы кыйла төмөндөп, Душанбе шаарында литри 3,8-3,9 сомониден сатылууда.

Баш калаадагы май куючу жайлардын биринин өкүлү газдын арзандашына дүйнөлүк газ базарындагы баалардын төмөндөшү жана Орусия менен Казакстандан газ импортунун кыйла көбөйгөнү себеп болгонун билдирди. "Азыр жолдордун баары ачык, күйүүчү май жана газ өз учурунда келип жатат. Акыркы убактарда газ менен эч кандай маселе болгон жок", – деди ал.

Сжиженный газ в Таджикистане значительно подешевел
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Автоунаасы газ менен жүргөн айдоочулар чыгымдары кыйла азайганын, жарым жыл мурда литри 7,8-8 сомониден сатылып жаткан газды эми 3,9 сомониден алып жатышканын билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстандагы автоунаалардын 60% кем эмеси газ менен жүрөт. Бул анын бензин менен дизель майына салыштырмалуу арзан экенине байланыштуу.

Тажикстандын статистика агенттиги 2022-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында өлкө 155,2 миллион долларга 329 миң тонна суюлтулган газ импорттогонун билдирген. Анын 86% Казакстандан, 8% жакыны Өзбекстандан, 5,5% Орусиядан жана 0,3% Түркмөнстандан алынган.

Видео

XS
SM
MD
LG