Ссылки доступа

Ташкенттин экс-мэри Жахонгир Артыкхожаев Түркияга учуп кетүүгө аракет кылганда кармалган болушу мүмкүн


Күн мурун Ташкент шаарынын башчысы кызматынан алынган Жахонгир Артыкхожаев үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган маалда аэропортто кармалган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Газета.uz" басылмасы өз булактарына шелтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, мурдагы мэр үй-бүлөсү менен Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын Ташкенттен Стамбулга уча турган HY 271 каттамына каттоодон өткөн. 16-январь күнү саат 7:40ка белгиленген каттам өз убактысынан кыйла кечигип учуп кеткен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйшөмбү күнү өткөн жыйында Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевди кызматтан алганын билдирген. "Кечээ Ташкенттин мэрин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан нары өтө албаганы үчүн, ынсапсыздын буту жер баспай калганы үчүн бошоттум", - деген президент.

Жахонгир Артыкхожаевдин ордуна калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп анын орун басары кызматында иштеп келген Бахтияр Рахманов дайындалган.

Президент Ташкенттин башчысынан тышкары энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаевди, "Иссиклик электр станциялари" ишканасынын төрагасы Фарход Абдурахмановду да иштен алганын билдирген. Ошондой эле Юнусабад, Мирзо-Улугбек, Үчтепе райондук акимчиликтеринин жетекчилери да жумуштан кеткени кабарланган.

Жыйындын жүрүшүндө Мирзиёев Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кызматына жогоруда аты аталган жетекчилердин ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берген.

Жахонгир Артыкхожаев Ташкент шаарынын башчысы болуп 2018-жылы апрелде дайындалган. Өткөн аптада ал сууктан улам борбор калаадагы тойканаларда беш күн бою элге акысыз палоо таратуу демилгесин көтөргөн.

Видео

XS
SM
MD
LG