Бул тууралуу активисттин жубайы Инга Иманбай Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бүгүнкү соттук угууда адвокат соттолуучуну Январь окуяларын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү менен жолуктурууну өтүнгөн. Комиссия түзүүнү британ парламентарийлери демилгелеген. Бирок судья Елена Кван Мамай үй камагында болгонуна байланыштуу жакын туугандары жана адвокаттарынан башка эч ким менен жолугуша албай турганын айтып, өтүнүчтү четке какты.
Мамай жакын арада комиссия мүчөлөрү менен жолуга албайт. Адвокатынын айтымында, чечим биринчи инстанцияда эле даттанууга жатпайт.
Жанболат Мамай Январь окуяларынын курмандыктарын эскерүү митингине катышкандан көп өтпөй февраль айында кармалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.
Жанболат Мамай 2022-жылы 2-ноябрда үй камагына чыгарылган. Ал "мыйзамсыз митинг уюштурган, маалымат каражаттарын колдонуу менен бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген, жалган маалымат тараткан" деп айыпталып жатат.
Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.