Ссылки доступа

Казакстанда KKS-Sicim ишканасынын жумушчулары маянаны 50% көбөйтүүнү талап кылышууда (видео)


Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Турегалиев  KKS-Sicim компаниясынын жумушчуларынын маянаны 50 пайызга көбөйтүү талабын жөнсүз деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 17-январда өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

— Жамааттык келишимден тышкары иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда эки тараптуу макулдашуу бар. Анда маянаны 50 же 100 пайыз көтөрүү каралган эмес. Келишимде 20 пайызга көбөйтүү гана каралган. Мындан улам талаптар жөнсүз, — деди Нариман Турегалиев.

Акимдин айтымында, ишканада орточо айлык акы 280 миң теңгени (азыркы курс боюнча 600 доллардын тегереги) түзөт. Эн жогорку маяна 800 миң теңгеге – 1700 долларга чейин жетет.

16-январда Батыш Казакстан облусунун Бурлин районуна караштуу Пугачево айлында жайгашкан компаниянын 500дөй кызматкери маянаны 50 пайызга жогорулатууну талап кылып ишке чыккан эмес. Жумушчулар түндү компаниянын базасында өткөрүшкөн. Иш таштоо шейшембиде да уланган.

KKS-Sicim —италиялык SICIM жана казакстандык «КазКомСервис» компанияларынын биргелешкен ишканасы. Магистралдык мунай жана газ куурларын төшөө менен алектенет. Ишканада жалпысынан 3000 кызматкер эмгектенет.

XS
SM
MD
LG