17-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул өлкөнүн президенти Халима Якуб жана премьер-министр Ли Сянь Лун менен жолугушту.
"Истана" аянтында ардак кароол тизилип, аскер оркестири эки өлкөнүн мамлекеттик гимнин аткарды.
Расмий иш-чаралардан кийин Сингапурдун улуттук символу болгон орхидеянын жаңы сортуна өзбек президентинин ысымын ыйгаруу аземи болду. Бул салтанат өлкөгө жогорку даражадагы коноктор келген учурда салттуу түрдө өткөрүлөт.
Салт боюнча президент өз колу менен орхидеянын жаңы сортуна "Шавкат Мирзиёевдин орхидеясы" деген тактачаны такты.
Бул Encbi Purple жана Kila Blue орхидеяларынын кыюшуусунан чыккан гүл. Узундугу 45 сантиметрге чейин болуп, 17-20 гүл ачат.
Буга чейин Өзбекстандагы энергетикалык каатчылыкты эске алуу менен Мирзиёевдин Сингапурдагы сапары үч күндөн бир күнгө чейин кыскарганы кабарланган.