Ссылки доступа

Шинжаңда жакындары кармалгандар Кытайдын Астанадагы элчилигинде акция өткөрүштү


Туугандары Шинжаңда кармалган алты киши Кытайдын Астанадагы элчилигине барды. Алардын арасында активисттер Байболат Кунболатулы, менен Акикат Калиолла да бар.

"Жакындарыбызды издеп келдик. Бизди элчилик келесоо катары көрүп жатканына көп болду. Жооп беришсин – жакындарыбыз кайда? Апам кайда, эки иним кайда? Дароо жооп берсин! Элчи, чык! " - деди Акикат Калиолла.

Ал Кытай консулдугунун алдында нааразылык акциясын 700 күндөн бери өткөрүп жатышканын айтты.

Элчиликтин тегерегинде көп полиция кызматкери жүрдү. Жакын жерге эки газель, бир чоң автобус токтотулган. Кишилер элчиликтин эшигин каккылашканы менен эч ким чыккан жок.

Кытайда камакта отурган туугандарын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына 2021-жылдын февраль айынан бери пикет өткөрүп келишет. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар да болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG