Ссылки доступа

Сингапур компаниясы "Фергана азотту" 140 млн долларга сатып алды


Өзбекстанда минералдык жер семирткичтерди өндүргөн "Фергана азот" акционердик коомунун 99,02 пайыз акциясын менчиктештирүү тууралуу келишим түзүлдү.

Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттиги эң жакшы сунушту Сингапурдун Indorama Corporation компаниясы бергенин билдирди. Акциялардын баасы 140 миллион долларды түздү.

Инвестор ишкананы модернизациялоого 100 миллион доллар салууга милдеттенме алды. Келишимдин шарттарында компаниянын социалдык программаларын сактап калуу, жумушчулардын саны менен айлык маянаны мурдагы калыбында кармоо, квалификацияны жогорулатуу, экологиялык көзөмөл системасын жакшыртуу каралган.

Агенттиктин маалыматы боюнча Indorama Corporation – 38 өлкөдө 160 өндүрүш аянтчасы бар эл аралык өндүрүш конгломераты.

Сатып алуу-сатуу келишимине 16-январда Шавкат Мирзиёевдин Сингапурдагы сапары учурунда кол коюлду.

XS
SM
MD
LG