Ссылки доступа

Өзбекстанда ЖОЖго өткөрүүнү убадалап, жарандарды $13,5 миңге алдап кеткендер кармалды


Өзбекстанда жоопкерчилиги чектелген коом формасында жеке университет ачып, анда окууну каалаган 18 кишиден алган 152,9 миллион сумду (13,5 миң доллар) өз муктаждыктарына колдонгон эки жаран аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчисине "Алдамчылык" беренеси боюнча сыртынан айып тагылып, ага издөө жарыяланды.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө дагы бир жаран жогорку кызматтагы тааныштарынын жардамы менен Тажикстанда окуган студенттерди Өзбекстандын окуу жайларына которууну убадалап, алдамчылык жол менен жарандардан 15 300 доллар алганы аныкталган.

"Бул иштер боюнча "Алдамчылык" жана "Пара алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", – деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG