Ссылки доступа

Алматыда журналист Вадим Борейконун батиринин эшигине курулуш көбүгүн чачып кетишкен


Алматылык журналист Вадим Борейко белгисиз кишилер түнчүндө ал жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги эшикке сүрөт тартып, батиринин эшигине курулушта пайдаланыла турган көбүк чачып кетишкенин билдирди.

Facebook'ка жарыяланган сүрөттө үйдүн эшигине журналисттин YouTube-каналынын аталышы да жазылганын көрүүгө болот.

"Түнкү саат үчтөрдө батиримдин эшигине курулуш көбүгүн чачышкан. Коңшуларым муну үч киши кылганын байкап калышкан. Алар качып кетишти. Көбүк күйүүчү зат жыттанат. Алар эшикти ачылбагандай кылып, андан соң өрттөп салууну көздөшкөн сыяктуу", – деп жазды Борейко.

Журналист бул окуяны өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Анын айтымында, чакыруу менен келген ыкчам топ дубалдан жана батирдин эшигинен адамдардын манжа издерин, ДНКнын жана кургап калган курулуш көбүгүнүн үлгүлөрүн алып кетишти.

Вадим Борейко акыркы кездери бир нече алматылык журналистке карата жасалган "коркутуу акциясы" бир жерден башкарылып жатат деген божомолун айтып, бул иштерди бириктирүү тууралуу арыз жазарын билдирди.

"Мындан ары бул окуялардын бири-бирине байланышы бар экенин жана басылмаларды коркутуу максатында жасалып жатканын байкамаксан болууга болбойт деп ойлойм", – деп жазды Борейко.

Күн мурун журналисттин YouTube-каналына жарыяланган кезектеги видеонун төмөн жагына Самал аттуу жарандын дарегине багытталган бир типтүү коркутуу билдирүүлөрү жазылган.

"Билдирүүлөрдө жазылып жаткан Самал бул Ибраева болушу мүмкүн. Анткени ага чейин мен анын соцтармактардагы баракчаларынын хакерлик жол менен бузулганы жөнүндө жазгам", – деди Борейко.

18-январда Ulysmedia.kz интернет-басылмасынын башкы редактору Самал Ибраева хакердик чабуул болуп, сайттын башкы бетине анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке маалыматтары жарыяланганын билдирген. Журналист муну жеке жашоосуна кол салуу катары баалап, укук коргоо органдарына кайрыларын айткан.

Өткөн жумада алматылык журналист Динара Егеубаева белгисиз адамдар автоунаасын өрттөп кеткенин билдирген. Ал бул окуяны өмүрүнө кол салуу катары баалап, укук коргоо органдарына арыз жазган. Апта башында полиция журналисттин автоунаасын өрттөөгө жана Elmedia редакциясынын терезесин сындырууга шектелип 15,16 жана 17 жаштагы беш өспүрүм кармалганын билдирген.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошкон. Өлкө "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

XS
SM
MD
LG