18-январда "МегаФон-Тажикстан" компаниясы 2023-жылдын февраль айына чейин Тажикстандын бардык жарандары SIM-карталарын жаңы үлгүдөгү паспорт менен каттоодон өткөрүшү керек экенин билдирди.
Компания 15-февралга чейин ийгиликтүү түрдө кайра каттоодон өткөн абоненттерине бонустарды камдап койгонун кабарлады.
Тажикстанда мобилдик байланыш операторлору төрт жылдан бери кардарларын сим-карталарын кайрадан каттатууга чакырып келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин миңдеген жарандар кайра каттаттуу жараянына ашыга элек.
Бир апта мурун Тажикстандын Ички иштер министрлиги жарандарга 15-февралда 2014-жылкы үлгүдөгү ID-паспорт менен сим-караталарын кайра каттатуу мөөнөтү аяктай турганын эскерткен. Байланыш кызматы 800 миң активдүү колдонуучу сим-картасын кайра каттоодон өткөрө электигин билдирген.