Ссылки доступа

Казакстанда Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон депутат партиядан чыгарылды


Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатын жана Украинага кол салуусун колдогон Казакстан парламентинин мажилис депутаты Азамат Абильдаев "Ак жол" партиясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу партиянын 19-январда жарыяланган пресс-релизинде жазылган.

Маалыматка караганда, партия Абильдаевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

Азамат Абильдаев 19-январда "Азаттыктын" казак кызматына комментарий берип, аны партиядан чыгаруу чечими менен макул экенин айтты.

"Шайлоонун алдында бир эле сөзүм менен партияны ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт. Алардын чечими менен макулмун. Эч кимге таарынычым жок. Бирок биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек – "национал-патриоттор" деп атып Украинадай болуп калбасак болду", – деди Абильдаев.

Казакстан парламентиндеги үч партиянын бири эсептелген "Ак жол" партиясы өз депутатынын Украинадагы согуш тууралуу билдирүүсүнөн кийин улуттук кеңештин пленумун чакырарын кабарлаган. Партиянын төрагасы Азат Перуашев telegram-каналына Абильдаевдин билдирүүсү "Ак жол" партиясынын позициясына каршы келерин, ошондой эле ал "партиялык жана депутаттык этиканы бузарын" жазган.

"Ак жол" партиясы дайыма өлкөбүздүн жана башка ынак мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдойт", – деп белгиледи Перуашев.

Азамат Абильдаев "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде Украинаны бомбалап, жөнөкөй тургундарды өлтүрүп жаткан Орусияны колдой турганын айткан. Анын маектеги риторикасы Кремлдин пропагандалык билдирүүлөрүн эске салган. Депутаттын партиялаштары бул анын "жеке пикири" экенин билдиришкен.

Казакстандын бийлиги Орусиянын Украинага кол салуусун түз айыптаган эмес. Ошол эле маалда аны колдогон да эмес. 2022-жылы март айында Алматыда шаар бийлиги уруксат берген Украинаны колдоо митинги өтүп, ага миңдеген киши катышкан. Мындан тышкары казакстандыктар Украинага бир нече жолу гуманитардык жардам чогултуп, жеткирип беришкен. Кийинчерээк Казакстандын бийлиги да Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG