Ссылки доступа

Каракалпакстандагы рейддер: 132 киши кармалып, 89 миң үйдө тинтүү жүрдү


Каракалпакстанда акыркы бир нече аптада рейддер уюштурулду. Текшерүүлөрдүн жүрүшүнө издөөдөгү 132 киши кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги Каракалпакстандын ички иштер министри Батияр Төребековго шилтеме жасоо менен билдирди.

"Тазалоо-антитеррор" деп аталган рейддин жүрүшүндө Каракалпакстанда 18 200 объект менен 89 миң үй текшерилген. Буга коомдук активисттер да тартылган.

Буга кошумча түшүндүрүү жумуштарынан соң жергиликтүү тургундар 344 даана аң мылтыгы менен 170 ок-дарыны укук коргоо органдарына өз эрки менен өткөрүп беришкен. Дайынсыз жоголду делген 12 адам үйүнө кайткан.

57 миңден ашуун кишинин мыйзам бузганы аныкталып, алар белгиленген тартипте жоопко тартылган.

Каракалпакстандагы рейддер Нукустагы кандуу окуялардан дээрлик алты ай өткөн соң уюштурулду.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Видео

XS
SM
MD
LG