Ссылки доступа

Риддердеги авариядан кийин жылуулук электр борборунун ээлерин текшерүү башталды


Укук коргоо органдары Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарында жылуулук электр станциясынын ээлерине карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Тергөө аяктагандан кийин станция мамлекеттин менчигине же инвесторго өтөт. Бул тууралуу Информбюро сайты аймактын акими Даниал Ахметовго таянуу менен билдирди.

"6-ноябрдагы авариядан бери Риддердеги жылуулук электр борборунун менчик ээлери абалды жөнгө салуу үчүн эч нерсе жасашкан жок", - деди облус акими. Анын айтымында, станция төрт жылдан бери ремонттон өткөн эмес.

Соңку эки айдан бери Риддер шаарындагы жылуулук электр борборунда бир нече жолу авария болду. Акыркы ирет 19-январда станциядан өрт чыккан. Январдын башында борбордун насостук станциясын суу каптаган.

Былтыр ноябрда жылуулук электр борборундагы авариядан улам Риддер шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Анда калаадагы 22 миң жашоочу жылуулуксуз калган.

XS
SM
MD
LG