19-январда кенге компаниянын башкы директору Жузеппе Роделли келип, жумушчулар менен жолукту.
Мунайчылардын айтымында, Жузеппе Роделли маянаны 20 пайызга гана көбөйтүү мүмкүндүгү бар экенин билдирген. Буга чейин Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Торегалиев да айлыкты ушул ченде гана көтөрүү мүмкүн экенин айткан.
Роддели аким менен жолугуп чыккандан кийин февралдан баштап маяна 20 пайызга көбөйөрүн, августтан баштап дагы 10 пайыз жогорулатуу маселеси караларын кабарлады.
Забастовкага чыккан жумушчулар буга макул болбой, маяна 50% көбөйгөнгө чейин иш таштоо уланарын билдиришти. Алар учурда 180-250 миң теңге айлык алып жатканын айтышууда.
16-январда Батыш Казакстан облусунун Бурлин районуна караштуу Пугачево айлында жайгашкан компаниянын 500дөй кызматкери маянаны 50 пайызга жогорулатууну талап кылып ишке чыккан эмес.
KKS-Sicim —италиялык SICIM жана казакстандык «КазКомСервис» компанияларынын биргелешкен ишканасы. Магистралдык мунай жана газ куурларын төшөө менен алектенет. Ишканада жалпысынан 3000 кызматкер эмгектенет.