Арыстанбек Мухамедиулы 2022-жылы майда камалган. Ошол маалда ал Улуттук музейди жетектеп турган. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.
Арыстанбек Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан баштап 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.