Ссылки доступа

Тажикстанда интернеттеги терс билдирүү же видео үчүн жоопкерчилик киргизилди


Тажикстанда мындан ары гезит-журнал, же радио жана телекөрсөтүү гана эмес, интернетте жарыяланган маалымат дагы кылмыш ишин козгоого негиз боло алат.

Өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексине киргизилген толуктоону 2022-жылы 16-декабрда парламенттин төмөнкү платасы жактырган.

Юридика илимдеринин доктору Шокиржон Хакимов депутаттар жаңы технологиялардын өнүгүшүн эске алуу менен кодекске өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты.

“Мындан ары Фейсбук же Майл.рунун колдонуучусу коомдук пикирге терс таасирин тийгизген билдирүү же видео таратса, прокурор ага кылмыш ишин козгой алат”, - деди ал.

Ошол эле маалда юрист Тажикстанда сот адилеттиги парламент жана жарандык коомдун көзөмөлүнө алынбагандыктан, бул эрежеден кыянат пайдалануу болорун четке какпайт.

Тажикстан бийлиги акыркы жылдары жарандардын укугун жана эркиндигин чектегени үчүн сынга кабылып келет. Былтыр жети журналист менен блогер 7 жылдан 21 жылга чейин түрмөгө кесилген. Алар жалган маалымат таратууга, экстремисттик же тыюу салынган уюмдардын ишине катышууга күнөөлөнгөн. Журналисттер менен алардын жакындары бул айыптоолорду четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG