Ссылки доступа

Тажикстанда үч киши иске ууланып каза болду


Хатлон облусунун Хуросон районунда бир үй-бүлөдөн үч киши иске ууланып көз жумду.

"Озоди" радиосу билдиргендей, окуя 20-январга караган түнү Гүлрез кыштагында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, уулуу газдан алгач 33 жаштагы Шамсулло Махмадов жана анын беш жаштагы уулу каза тапкан. Бир нече сааттан кийин ооруканада анын аялы да көз жумган.

Дарыгерлер түгөйлөрдүн дагы бир баласы оор абалда ооруканада экенин кабарлашты.

Тажикстанда кышкысын айыл жашоочулары үйлөрүн отун-көмүр менен жылытышат. Бул сыяктуу окуяларга көбүнчө коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болот.

10-январда Согд облусунунда 80 жаштагы карыя да иске ууланып өлгөн. Анын аялы эс-учугун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG