Ссылки доступа

Алматыда мурдагы McDonald's ресторандары аталышы жок иштей баштады


Мурдагы McDonald's ресторандарынын бир бөлүгү Алматы шаарында аталышы жок эле иштей баштады. Бул тууралуу "Информбюро" басылмасы кабарлады.

"23-январда мурда McDonald’s бренди менен иш алып барган жана Food Solutions KZ компаниясына таандык ресторандардын бир нечеси кайра ачылды. Тез татым ресторандарынын ачылышы этап-этабы менен жүрүп, алгач Алматыда беш ресторан иштей баштады", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Food Solutions KZ'тин башкы директору Асет Машановдун айтымында, ресторандар жабылган маалда иштеп жаткан кызматкерлер өз жумуш орундарын, айылыктарын жана башка эмгек шарттарын сактап калышат.

"Азырынча ресторандар аталышы жок ачылат. Бирок жакынкы убакта жаңы аталышыбызды жарыялайбыз", – деди Машанов.

Быйыл январдын башында McDonald's казак базарынан кетүүнү чечкени, буга Орусиядан эт алып келүү токтогону себеп болгону кабарланган. Көп өтпөй Food Solutions KZ компаниясы Казакстанда дүйнөлүк McDonald’s тез татым түйүнүнүн ордуна жаңы бренд пайда болушу мүмкүн экенин билдирген.

Казакстандагы McDonald’s франшизасына Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурунку кудасы Кайрат Боранбаев ээлик кылат. Бүгүнкү күндө "ири өлчөмдө акча кымырууга" айыпталып жаткан Боранбаевдин соту уланууда. Ал өткөн жылы март айында кармалган.

Өткөн аптада Казакстандын Юстиция министрлиги Орусиянын "Система ПБО" компаниясы "Вкусно – и точка" товардык белгисин каттоодон өткөрүүгө арыз бергенин билдирген. Бул кабар социалдык түйүндөрдө түрдүү пикирлерди жараткан. Көп өтпөй "Система ПБО" товардык белгини каттоодон өткөрүү өтүнүчү "брендди коргоо иш-чараларына ылайык берилгенин" билдирген. "Учурда бизде Казакстандагы McDonald's бизнесин башкарган компаниянын жетекчилиги менен тиешелүү келишимдер жок", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG