Ссылки доступа

Талибдер Өзбекстандын Ооганстанга электр кубатын берүүнү токтотконун сындады


Кабул Өзбекстандын Ооганстанга кыш ортосунда электр энергиясын берүүнү токтотконун сындады.

Талибдердин убактылуу өкмөтүндөгү Ооганстан ИИМинин башчынынын милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Ташкентте Айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү фондунун ачылыш аземинде өзбек өкмөтүн электр кубатын Ооганстанга келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жеткирүүгө чакырды.

"Өзбекстан бийлиги өз убадасын аткарып, Ооганстанды электр кубаты менен камсыздоосу керек. "Брешна" компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстан Ооганстанга кышында 450 мегаватт электр кубатын жеткирүүгө милдеттүү. Бирок Өзбекстан электр кубатын өчүрдү, кишилер көйгөйлөргө туш болду", - деди Муттаки.

“Брешнка” компаниясынын башчысы Хикматулло Аханзаде “Озоди” радиосуна электр энергиясын берүү Өзбекстандагы техникалык маселерге байланыштуу токтотулганын айтты.

Өзбекстан 13-январда Ооганстанга электр энергиясын берүүнү токтоткон. Ташкент муну техникалык маселелер менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG