Ссылки доступа

Казакстан ооган кыз-келиндерин окутуу программасын кайра улантат


Астана ооган кыз-келиндерин окутуу программасын улантууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

"Ооган бийлиги жана бул программаны каржылап жаткан Европа биримдиги менен макулдашууга жетиштик. Жакынкы убакта программа кайра иштей баштайт", – деди Смадияров. Ошол эле маалда ал аталган программанын алкагында ооган кыз-келиндери үчүн канча грант каралып жатканын тактап айткан жок.

19–20-январь күндөрү Брюссель шаарында Борбор Азия жана ЕБ өлкөлөрүнүн атайын өкүлдөрүнүн Ооганстан боюнча үчүнчү жыйыны өткөн. Анда катышуучулардын баары Ооганстанда тынчтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн болушун толук колдой турганын ырастап, бул өлкөдөгү аялдар менен кыздардын укуктарынын начарлаганына тынчсызданууларын билдиришкен. Казакстан ТИМинин өкүлү Талгат Калиев Астана ооган элине жардам берүү боюнча милдеттенмелерин аткарарын белгилеп, казак ЖОЖдору ооган кыз-келиндери үчүн ачылган билим берүү программаларына жигердүү катышуусун улантарын айткан.

2022-жылы декабрда Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтү мамлекеттик жана жеке университеттерге кат жөнөтүп, ага студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тууралуу буйругун тиркешкен.

Талибдер 2021-жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан. 2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талибдердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген. Мындан тышкары жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ЕБ ооган кыз-келиндерин Казакстандын жана Өзбекстандын универстеттеринде окутуу боюнча БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоорлордун, ошондой эле Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы билим берүү программаларынын алкагында 2019-жылы 2 миллион евро бөлгөн. Өткөн жылы БУУ ооган студенттеринин кезектеги тобу Алматыга келип, жергиликтүү университеттерде окууларын улантууга даярданып жатышканын билдирген. Уюмдун маалыматына караганда, долбоордун катышуучулары Казакстанга 2021-жылы эле келиши керек болчу. Бирок Ооганстанда бийликке "Талибан" кыймылы келгенине байланыштуу өлкөдөн чыга албай калышкан.

XS
SM
MD
LG