Ссылки доступа

Тажикстанда 49 киши тамакка ууланды


Тажикстандын Шамсиддин Шохин районунда улуттук курутоба тамагына ууланган 49 адам ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, окуя 24-январда Чагам айылында болгон. Жергиликтүү тургундардын бири конок чакырып, меймандарга курутоба тамагын берген. Ага ууланган 49 кишинин 25и шашылыш түрдө Куляб шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилсе, калганы жергиликтүү медициналык жайга кайрылган.

Тургундардын уулануусу фактысы боюнча тергөө иштери башталды.

Курутоба – курамында быштак менен сүттүн аралашмасы, нан, май, жашылча жана чөп-чар бар тажик улуттук тамагы.

XS
SM
MD
LG