Тоолуу-Бадахшан автоном облусунан башка Тажикстандын бардык аймактарындагы жашоочулар электр энергиясын берүү чектелип жатканын соцтармактарга жазууда.
Согд жана Хатлон облустарынын, ошондой эле республикалык башкаруудагы райондордун жашоочулары акыркы үч күндөр бери кечки саат 10дон таңкы бешке чейин жарык өчүрүлүп жатканын билдиришти.
"Себебин эч ким түшүндүргөн жок. Райондук электр түйүндөр ишканасына телефон чалсак тигил же бул жерде авария болду деген сыяктуу шылтоолорду айтып жатышат", – деди Рудаки районунун тургуну Жумабой Абдурахмонов.
11-январда мамлекеттик "Барки точик" энергохолдинги электр энергиясын колдонууга киргизилген бардык чектөөлөр алынып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуу жөнгө салынганын билдирген.
Тажикстанда калкка электр энергиясын берүүгө өткөн жылы октябрда чектөө киргизилген. Анда "Барки точик" энергохолдинги мындай чараны "суу-энергетикалык ресурстардын мезгилдик жетишсиздиги" менен түшүндүргөн.
Бирок тажикстандыктардын айтымында, "электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу" болгону он күнгө гана созулду.
Азырынча Тажикстандын энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалары калкка электр энергиясын колдонууга расмий чектөө киргизилгени боюнча маалымат бере элек.
Ал ортодо Өзбекстан Сурхандарыя облусун үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуу үчүн Тажикстандан электр энергиясын импорттоо көлөмүн көбөйткөнү кабарланууда. Тажик бийлиги коңшу өлкөгө электр кубатын берүү көбөйтүлгөнү тууралуу маалымат бербегени менен бул кабар өлкө жарандарынын нааразылыгын жаратууда. Айрым соцтармак колдонуучулары өкмөт алгач өз элин жарык менен камсыз кылыш керектигин жазып жатышат.