Ссылки доступа

Өзбекстанда машиненин ичине өрт койгон кош бойлуу аял каза болду


Ферганада 24-январда жарандык никедеги күйөөсүнүн машинесинде өзүн өрттөгөн 36 жаштагы кош бойлуу аял каза болду. Бул тууралуу 25-январда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, күйөөсү жарандык никедеги аялын үйдөн ооруканага алып баратан. Күйөөсүнө болгон кызганычтан машинеде уруш чыккан. Мындан соң киши унаасын футбол стадионунун алдына токтоткон. Ошол маалда аял өзү менен кошо ала келген бөтөлкөдөгү бензинди “Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын ичине чачып, өрттөп жиберген. Киши машинеден качып чыгууга үлгүргөн.

“Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү ыкчам өчүрүшкөн, тез жардам станциясынын дарыгерлери болсо аялдын жаңы төрөлгөн баласын аман алып калышкан. Бирок ымыркай ооруканада чарчап калган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары башталды.

XS
SM
MD
LG