Ссылки доступа

Казакстан өкмөтүндө "мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды


Мыйзам долбоорунда “активдерди мыйзамсыз чыгарып кетүү үчүн түзүлгөн шарттарды жоюуга, аларды өз эрки менен же күч менен кайтарууга” чакырган нормалар жазылган.

“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын анализдеринин жыйынтыгында активдер жөнүндө атайын декларация тапшырууну шарттаган тизме түзүү пландалууда. Эгер активдердин ээси анын кайдан келип чыкканын тастыктап бере албаса, алар мыйзамсыз алынган деп эсептелет жана мамлекеттин казнасына кайтарылат”, — деп айтылат казак өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Кайтарылган активдерди Казакстан элинин байгерлигин жогорулата турган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонуу пландалууда.

Кандуу Январь окуясынан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө байлыгынын ири бөлүгүн тар чөйрөдөгү кишилер ээлеп алганын бир нече жолу билдирген. Ал мамлекеттин экономикалык ресурстарынын бир колго топтолушуна жана ага ашыкча артыкчылык берилишине жол ачкан мыйзамдарды өзгөртүү керектигин айткан. Айрым эксперттер азыркы бийликтин чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу аракетин капиталдарды кайра бөлүштүрүү кампаниясынын бир бөлүгү катары эсептешет.

XS
SM
MD
LG