Ссылки доступа

Маулен Ашимбаев кайра Сенаттын төрагасы болуп дайындалды


Казакстанда депутаттар парламент Сенатынын төрагасы кызматына Маулен Ашимбаевдин талапкерлигин жактырышты. Ал бул кызматтан 24-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен алынган.

Ашимбаевдин орун басары болуп буга чейин өлкөнүн башкы прокурору жана Жогорку соттун төрагасы кызматтарында иштеген Жакип Асанов дайындалды

Акордонун маалыматына караганда, Сенат төрагалыгына Ашимбаевдин талапкерлигин мамлекет башчысы көрсөткөн.

"Бул кызматта ал өзүн жакшы жагынан гана көрсөттү. Ал мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен жакындан тааныш, мамлекеттик башкаруу тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ошондуктан аны Сенат төрагасы кызматында иштөөгө татыктуу деп эсептейм", – деди президент.

Маулен Ашимбаев Сенат төрагасы кызматына алгач 2020-жылы май айында дайындалган. Ал кезде президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан Ашимбаев Сенат төрайымы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин мандат алып келген.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, өлкө башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип же каза болгон учурда президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин анын ыйгарым укуктары Сенаттын төрагасына өтөт.

Токаев 24-январда Маулен Ашимбаев баштаган дагы үч эл өкүлүн кайрадан депутат кылып дайындаган. Мындан тышкары тогуз депутаттын ыйгарым укуктары токтотулуп, Сенатка жаңы шайланган төрт жаран депутаттык мандат алган. Алардын арасында Жогорку соттун мурдагы башчысы Жакип Асанов да болгон.

Казакстанда Сенат депутаттарын шайлоо 14-январда өткөн. Анда өлкөнүн 17 облусунан, ошондой эле Астана, Алматы жана Чымкент шаарларынан 20 депутат тандалган. Бул шайлоого жалпысынан 130 жаран талапкерлигин коюп, БШК алардын 55ин каттаган. Сенатка кыйыр шайлоо салттуу түрдө өттү: жаңы эл өкүлдөрүн тандоочулардын тизмесине кирген үч миңден ашык жергиликтүү маслихат депутаттары шайлады.

XS
SM
MD
LG