36 жаштагы Сайера Дусаева "Хинкальная Тбилисо" кафесинде кесиптешин бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн деп айыпталып жатат.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "4-январда ресторандын ашпозчусу Тажикстан жараны Сайера Дусаевага күч колдонуп, ызалантып, ар-намысына шек келтиргени", буга байланыштуу Дусаева өзүн коргоо үчүн бычак колдонууга аргасыз болгону жана кесиптешин өлтүрүп алганы жазылган.
25-январда Тажикстандын Москвадагы элчилиги Сайера Дусаеванын 8 жашар уулу жалгыз калганын жана мекенине жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Мурдараак Тажикстан ИИМи орус тараптан ишти калыс иликтөөнү өтүнгөн.