Ссылки доступа

Тажик оппозиционеринин Германиядан Тажикстанга депортацияланган уулу дайынсыз болууда


Абдулло Шамсиддин
Абдулло Шамсиддин

Тажик оппозиционери Шамсиддин Саидовдун Германиядан Тажикстанга депортацияланган уулунун кайда экени белгисиз болууда.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Шамсиддин Саидов бир жумадан бери уулу Абдулло Шамисиддин тууралуу маалымат ала албай жатканын билдирүүдө. "Абдулло Тажикстанга депортацияланганын Германиянын бийлиги кагаз түрүндө ырастады. Бирок тажик бийлиги азыр анын кайда экенин айтпай жатат", – деди Саидов.

Ал уулунун депортацияланышына анын өзү жөнүндө немис бийлигине туура эмес маалымат бергени себеп болгонун билдирди.

"Ал Германияга достору менен чогуу келген. Эмнегедир алар немис бийлигинен өздөрү тууралуу чыныгы маалыматтарды жашырып коюшкан. Маалыматтарды туура көрсөтсө тажик бийлиги алардын кайда жүргөнүн билип калып, Тажикстандагы жакындарын куугунукташы мүмкүн деп ойлошуптур. Ошондуктан бирөө ысымын өзгөртсө, башкалары фамилиясын, туулган жылын алмаштырып жазган", – деди Саидов.

Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланган.

Кезинде "Ислам кайра жаралуу партиясынын" негиздөөчүсү Саид Абдулло Нуринин жардамчысы болгон Саидов өзү 2018-жылы Хатлон облустук соту тарабынан сыртынан 15 жылга соттолгон.

Буга чейин чет өлкөлөрдөгү тажик оппозиция өкүлдөрүнөн куралган "Тажикстандын улуттук альянсы" эгер Абдулло Шамсиддин мекенине депортацияланса, ал түрмөгө камалып, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин билдирген.

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясы" террордук уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин анын көптөгөн мүчөлөрү Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга барып, башпаанек алышкан.

XS
SM
MD
LG