Ссылки доступа

Активист Жанболат Мамайга кайрадан "жапырт башаламандык уюштуруу" айыбы тагылды (видео)


Активист Жанболат Мамай (оңдо) жубайы Инга Иманбай жана адвокаты Ернар Кенжебаев менен сот отурумунда. Алматы шаары, 9-ноябрь 2022-жыл
Активист Жанболат Мамай (оңдо) жубайы Инга Иманбай жана адвокаты Ернар Кенжебаев менен сот отурумунда. Алматы шаары, 9-ноябрь 2022-жыл

Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демкоратиялык партиянын лидери Жанболат Мамайга кайрадан Январь окуялары учурунда "жапырт башаламандык уюштурган" деген айып тагылды. Бул тууралуу анын иши боюнча 26-январда өткөн кезектеги сот отурумунда белгилүү болду.

"Мамайдын 2022-жылы 4-январда "Алматы аренанын" жанында айткан сөздөрүндө саясий талаптар болгон. Ал өлкөдөгү коомдук, экономикалык жана саясий абалды туруксуздаштырып, коомдук каршылыкты күчөтүүчү сөздөрдү айткан", – деди прокурор Еркин Баймагамбетов.

Мамайдын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, жаңы кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун билдирүүдө.

"11 айдан бери ага Кылмыш кодексиндеги түрдүү беренелер боюнча айыптарды тагышты. Жанболаттын жапырт башаламандыктарды уюштурууга эч кандай тиешеси жок. Анын айткандарынын баары социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн. Эл аралык уюмдарды, демократиялык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн, журналисттерди жана укук коргоочуларды Жанбалот Мамайга карата жасалып жаткан мыйзамсыздыкка көңүл бурууга чакырабыз", – деп жазды Мамайдын жубайы, активист Инга Иманбай.

Казак укук коргоо органдары Мамайды буга чейин да Январь окуялары маалында жапырт башаламандыктарды уюштурууга айыптаган. Бирок Улуу Британияда Январь окуяларын Жанболат Мамайдын ишинин мисалында иликтөө боюнча комиссия түзүлүп, эл аралык уюмдар көптөгөн билдирүүлөрдү жасап, өлкө ичинде нааразылык акциялар өткөндөн кийин Казакстанга Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель келердин алдында иш "Мыйзамсыз митинг өткөрүү" беренесине алмаштырылган.

20-январда Улуу Британияда түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү Алматы шаарында басма сөз жыйынын өткөрүп, Казакстандын бийлиги алар менен жолугушуудан баш тартканын билдирген.

Жанболат Мамай 2022-жылы февралда Алматыда өткөн Январь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин кармалган. Алгач ал "Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен 15 суткага административдик камакка алынган. Марттын ортосунда анын камактагы мөөнөтү аяктагандан кийин ага "Алматыдагы жапырт башаламандыктарды уюштуруу" айыбы тагылып, тергөө абагына которулган. Октябрда бул иш "Мыйзамсыз митинг өткөрүү" беренесине алмаштырылып, ноябрдын башында ал үй камагына чыгарылган.

Жанболат Мамай өзү дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагып, ага саясий негиздер менен кылмыш иши козголгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG