Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө ишке орноштуруу талабы менен акцияга чыккан үч жаран 10 суткага камалды


Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында бийликтин атайын программасы менен ишке орноштурууну талап кылып жергиликтүү акимчиликтин алдына акцияга чыккан үч жаран 10 суткага камалды. Тиешелүү чечимди шаардык сот 24-январда кабыл алды.

29 жаштагы Аллаберген Молдабай менен Багдат Бейсен жана 28 жаштагы Улан Ибрагимов "Полициянын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттун материалдарына ылайык, акимчиликтин алдында акция өткөрүүгө аракет кылган жарандар документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына бай ийген эмес.

Сотто үч жаран тең тагылган айыптарды четке кагышты. Соттолуучу Ибрагимов бир дагы мыйзамсыз акцияга катышпагандыктарын, акимчиликтин алдына туруктуу жумуш менен камсыз кылууну талап кылып барышканын айтты. "Полиция кызматкерлери эскертүү берген эмес. Биз эч кандай каршылык көрсөткөн жокпуз", – деди ал.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, кармалган үч жаран тең башка ондогон адамдардай эле мамлекет уюштурган атайын окуудан өтүшкөн жана жыйынтыгында жумушка орношуусу керек болчу. Алар кармалгандан кийин шаардын башка тургундары акимчиликтин алдына чогулбай калышкан.

Экономикасынын негизги бөлүгүн мунай жана газ өндүрүшү түзгөн Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары акыркы бир нече жылдан бери жергиликтүү бийликтен мунайгаз тармагына жумушка орноштурууну талап кылып келишет.

Апта башында жумушсуз тургундар кайрадан нааразылык акциясына чыга баштаганы белгилүү болгон. Өткөн жылы жаңы-өзөндүктөр ишке орноштуруу талабы менен Астанага барып, Эмгек министрлигинин имаратынын алдына түнөгөн. Алар башка тармактарда төлөнгөн айлыктар аз экенин, жашоого жетпей жатканын айтышкан. Аймактын бийлиги бардык жумушсуздарды мунайгаз тармагына жумушка алуу мүмкүн эмес экенин билдирип, алардын талабын "адилетсиз" деп атаган.

Бийликтин 2022-жылы июнь айында берген маалыматына караганда, Жаңы-Өзөн шаарында 160 миңден көп киши жашайт. Алардын 80 миңден ашыгын эмгекке жарамдуу курактагылар түзөт.

Былтыр жыл башында 200дөн ашык жумушсуз жаран бир нече ай бою күн сайын Жаңы-Өзөн шаардык акимчилигинин алдына топтолуп, мунайгаз тармагына туруктуу жумушка орноштурууну талап кылышкан. Кийинчерээк Маңгыстау облустук акимчилиги атайын комиссия түзүп, шаарда 11 миңге жакын жумушсуз жаран бар экени аныкталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG