Тиешелүү чечим 27-январда Ташкент шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу "Газете.uz" гезити жыйынга катышкан булактарына таянып билдирди.
Мыйзамга ылайык, сенатор менен шаардык кеңештин депутаттары ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин кол тийбестикке ээ.
2020-жылы январда Жахонгир Артыкхожаев депутат болуп шайланып, кийин беш жылдык мөөнөткө сенатор болгон. Анын ыйгарым укуктары 2025-жылдын январь айында аяктамак.
16-январда президент Шавкат Мирзиёев Ташкентти 2018-жылдан бери башкарып келе жаткан Жахонгир Артыкхожаевди кызматтан алган. "Кечээ штабда аны кызматтан алдым. Куру сөзү, жалган маалыматы, текебердиги, буту жер баспай калганы үчүн кызматтан алдым", - деген Мирзиёев.