Ссылки доступа

Тажикстандын Экспорт боюнча агенттигинин мурдагы башчысы камактан бошотулду


Тажикстандын Экспорт боюнча агенттигинин мурдагы директору Шавкат Бобозода 128 миң сомони (12.450 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөгөндөн кийин бошотулду. Соттун өкүмү 27-январда чыккан.

Маалыматка караганда, Бобозода мамлекетке келтирген 280 миң доллардан ашуун зыянды кайра кайтарып берген. Буга байланыштуу ал айып пул төлөгөндөн кийин бошотулган.

Шавкат Бобозода 2022-жылы сентябрдын башында ири өлчөмдө алдамчылык шеги менен кармалган. Ошол эле айдын соңунда ал кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG