Ссылки доступа

ЕАЭБ боюнча Казакстанда азык-түлүк баасы көбүрөөк кымбаттады


Казакстанда азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүнө караганда жогору. Бул тууралуу казакстандык Inbusiness.kz сайты Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Казакстанда азык-түлүк товарлары ЕАЭБ боюнча 25,3 пайызга жогору. Кыргызстанда бул көрсөткүч 17,1 пайыз, Беларуста 13,8 пайызды түзөт.

Евразиялык экономикалык биримдик боюнча 2022-жылы азык-түлүктөн башка товарлардын баасы 13, 3 пайызга өскөн. Азык-түлүк товарларынын баасы 12,2 пайызга, кызмат көрсөтүү 12,9 пайызга жогорулаган.

2022-жылы апрелде Казакстан инфляциянын өсүшү боюнча ЕАЭБде экинчи орунду алган. Эң эле жогорку инфляция ал кезде Арменияда катталган – 2,3 пайыз. Казакстан менен Кыргызстанда 2 пайызды түзгөн.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызга жетти.

XS
SM
MD
LG