Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө башташат


Өзбекстан менен Кыргызстан өз жарандары үчүн чек арадан өтүү эрежесин жеңилдетет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга киргизилди. Протоколдорду алмашуу аземи 27-январда Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги сапарынын алкагында өттү.

Эми Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга ID-карта менен кире алат. Ушундай эле тартип Өзбекстанга бараткан кыргызстандыктарга да тиешелүү болот.

Чек арадан өткөн жарандар жөнүндө маалымат электрондук түрдө белгиленип, паспортторго штамп коюлбайт.

Бул тартип транспорттун бардык түрү – учак, поезд, автоунаа, автобус менен өтүү учурунда күчүндө болот. Протокол эки өлкө тарабынан бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет. Бул эки айлык мөөнөттү алышы мүмкүн.

Агенттик бул Өзбекстандын эксклавы болгон Сох, Шахимардан, Чунгара райондорунун тургундарынын жашоосун жеңилдетип, "чек арадан өтүүдөгү бюрократия аяктай турганын" белгилейт.

УзА агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстан үчүн Кыргызстан ID-карт менен чек арадан өтүү тарбин жөнгө салган алгачкы өлкө болуп калды.

XS
SM
MD
LG