Ссылки доступа

Казакстанда журналист Михаил Козачковдун камактагы мөөнөтү 18-мартка чейин узартылды


Казакстанда сотко чейинки тергөө органынын өтүнүчү менен журналист Михаил Козачковдун камактагы мөөнөтү 18-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Алматы шаарынын райондор аралык тергөө соту билдирди.

"30-январда сотко чейинки тергөө органынын өтүнүчү канааттандырылып, Козачковдун камактагы мөөнөтү үч айга – 2023-жылдын 18-мартына чейин узартылды", – деп жазылган соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Телеграмдагы Kozachkov offside каналынын автору жана "Время" гезитинин журналисти Михаил Козачков 2022-жылы 18-декабрда кармалган. Журналист экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Коспаев рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге (112 миң доллар) алганы айтылган.

Журналист өзүнүн адвокаттары аркылуу айыптоолорду четке каккан. Козачковдун кесиптештери анын кармалышын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштырышкан.

20-декабрда Алматынын тергөө соту Михаил Козачковду 2023-жылдын 18-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Казакстандын журналисттер биримдиги укук коргоо органдарына кайрылып, "өлкө мыйзамдарын, анын ичинде жазыксыздык жоромолун сактоого", ошондой эле Козачковдун ишин объективдүү кароого чакырган. Өлкөдөгү ондогон ЖМКлар менен медиа уюмдардын өкүлдөрү президент Касым Жомарт Токаевге Козачковду эркиндикке чыгаруу чакырыгы жазылган кайрылуу жолдошкон. "Адил сөз" уюму да Токаевге кайрылып, Козачковдун конституциялык укуктары бузулуп жатканына даттанган. Уюм тергөө жана сот эл аралык стандарттарга шайкеш, адам укуктарын сактоо менен өтүшү керектигин белгилеп, журналистти токтоосуз бошотууга үндөгөн. Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" журналисттин кармалганына тынчсыздануусун билдирген.​

XS
SM
MD
LG