"Эң көп дегенде 1 миллион 100 киши болушу мүмкүн. Бирок бул ыктыярдуу нерсе жана жарандардын көбү "банкрот" макамы "кара так" экенин эске алып, ойлонулган чечим кабыл алат деп ишенем", – деди Биржанов.
Анын айтымында, бул макам насыя боюнча карызы бар адамдарга жети жылга берилип, алгачкы беш жылында алар жаңы насыя ала алышпайт.
Биржанов өзүн банкрот деп таанууну чечкен жаран жарым жыл өлкө аймагынан чыга албай турганын кошумчалады.
"Бирок жаран банкрот деп табылгандан кийин ал үчүн өлкөдөн чыгууга эч кандай чектөө болбойт. Болгону беш жыл жаңы насыя ала албайт. Ошол эле маалда алар күрөөканалардын кызматтарынан пайдаланса болот", – деди Биржанов.
Казакстанда 3-марттан тарта насыясын төлөй албаган жарандар өзүн банкрот деп таануу тууралуу арыз жазса болот. Бул күнү "Жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана банкроттуулук тууралуу" мыйзам күчүнө кирет.