Ссылки доступа

Тажикстан пияз, картөшкө жана сабиз экспортуна тыюу салды


Тажикстандын өкмөтү чет өлкөлөргө пияз, картөшкө жана сабиз экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Курбон Хакимзода 30-январда билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим айыл чабра азыктарынын баасы жогорулап кеткенине байланыштуу өткөн жумада кабыл алынган жана ал "базар турукташканга чейин" күчүндө болот.

Буга чейин өлкө жарандары айыл чарба азыктары кымбаттап жатканына бир нече жолу тынчсызданууларын билдиришкен.

Айыл чарба министри өлкөдө пияздын баасы жогорулаганын ырастап, бирок бул көрүнүш коңшу Ооганстан менен Пакистанга да мүнөздүү экенин белгиледи. "Декабрда биз Ооганстанга пияз экспорттоп жатканда ал дароо ички базардагы бааларга таасир эткен", – деди Хакимзода.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы Тажикстанда 727 миң тонна пияз өндүрүү пландалып, бирок 672 миң гана тонна жыйналган.

Айыл чарба министрлиги 2021-жылга салыштырмалуу былтыр пияз 2 500 гектарга аз аянтка эгилгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG