Энергохолдинг жарыялаган маалыматта лимит электр энергиясынын тартыштыгынын алдын алуу үчүн киргизилип жатканы айтылган. Анда чектөө Душанбе менен ири шаарларга тиешеси жок экенин белгиленген.
Тажикстанда күз-кыш мезгилинде электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү адатка айланган. Быйыл жыл башында "Барки Точик" энергохолдинги калкты электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо жолго коюлганын кабарлаган. Бирок жергиликтүү тургундар 20-январдан бери жарык түнкүсүн өчүрүлүп жатканына даттанышууда.
Бул арада Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума өлкө 2022-жылы саатына 21 млрд киловатт электр кубатын колдонгонун, бул рекорддук көрсөткүч болгонун билдирди.