Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар "Азаттык" боюнча Садыр Жапаров менен жолугушууну сурашууда


Медиа эркиндиги жана адам укуктары боюнча жети эл аралык уюм 31-январда "Азаттыкка" жана Кыргызстандагы журналисттердин абалына байланыштуу өлкө президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

CPJ уюмунун сайтына жарыяланган кайрылууда Кыргызстанда журналисттерге каршы репрессия жана эркин прессага кысым күчөгөнү, демократиялык нормалар бузулуп жатканы белгиленип, абалды талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүү сунушталды.

Кайрылууга кол койгондор “Азаттыкты” Кыргызстандагы эң популярдуу жана кадыр-барктуу маалымат агенттиги деп сыпаттап, ага каршы “негизсиз жана ашкере кадамдардын сериясы” ал өзүнүн көз каранды эмес репортаждары үчүн куугунтукка алынууда деген ойду жаратып жатканын белгилешти.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын анын коррупция тууралуу репортаждары үчүн өч алуу деп мүнөздөп, бул окуя кыргызстандык жана эл аралык ЖМКларды нес кылганын айтышты.

Next TV телекомпаниясы жана Kaktus.media басылмасы да журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана куугунтукка кабылганын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын жаңы варианты да сөз эркиндигине коркунуч жаратарын кошумчалашты.

“Сиз президенттик кызматка киришкенде Кыргызстан сөз эркиндиги кеңири жайылган өлкө болорун тастыктагансыз. Мурдагы саясий туткун катары сөз эркиндигин кысымга алуу канчалык зыян экенин жакшы түшүнөрүңүздү айткансыз. Жогоруда айтылган маселелерди талкуулоо жана Кыргызстанды сиз убада кылган артыкчылыктуу багыттарга өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык жакындатуу жолдорун аныктоо үчүн сиз менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү берилсе жакшы болмок” деп айтылды кайрылууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианы” жабуу тууралуу арызы сотто 9-февралда каралганы жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

CPJ – 1981-жылы журналисттердин укуктарын коргоо максатында түзүлгөн эл аралык уюм. Ал дүйнө жүзү боюнча журналисттерге карата куугунтук фактылары тууралуу маалымат чогултат.

XS
SM
MD
LG