Ссылки доступа

Казакстанда прокурор журналист Махамбет Абжанды 11 жылга эркинен ажыратууну сурады


Астанада журналист Махамбет Абжанга байланыштуу сот жараянында прокурор айыпталуучуну 11 жыл түрмөгө кесүүнү өтүндү. Бул тууралуу Abzhan News кабарлады.

Соттолуучунун адвокаты Гүлнар Сулейменова жараяндын жабык өтүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Соттун материалдарына караганда, Абжан "Жалган маалымат таратуу" жана "Опузалоо" беренелери боюнча айыпталууда.

Сот өкүмү 3-февралда чыгары күтүлүүдө.

Махамбет Абжан 2022-жылы 3-июлда кармалган. Анда ал ишкерлердин биринен опузалоо менен 50 млн теңге (180 миң доллар) алууга шектелип жатканы кабарланган.

Кармалардан мурун Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган. Көп өтпөй журналист Телеграм-каналына өзүн каралаган маалыматтар чыгып жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG