Ссылки доступа

Өзбекстанда Сенат төрайымын кызматтан алууну талап кылган блогер камалды


Өзбекстанда газ жана электр энергиясын калкка жеткирүү маселесин активдүү чагылдырып, Сенат төрайымы Танзила Нарбаеванын кызматтан кетишин талап кылган блогер Эльмурад Одил камакка алынды.

Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жашаган блогер 31-январда "Жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 суткага камалды.

Административдик иштин материалдарына ылайык, блогер 30-январда Яккабаг районунда жайгашкан №71 үй-бүлөлүк бейтапканадагы электр энергиясына байланышкан көйгөйдү чагылдырган. Бейтапкананын жетекчилиги блогердин аракеттерине каршы болуп, андан мекемедеги абалды чагылдырбай эле коюуна өтүнгөн. Ортодо талаш-тартыш болуп, бейтапкананын медайымы блогерге каршы сотко арыз менен кайрылган.

Одил өткөн жумада Сенат төрайымы Танзила Нарбаеваны өлкөдөгү энергетикалык каатчылыкка айыптап, аны кызматтан алуу талабы менен пикетке чыккан.

XS
SM
MD
LG