Ссылки доступа

Тажикстандын акыйкатчысы соттолгон журналисттер менен жолугууга ниеттенүүдө


Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү соттолгон журналисттер жана блогерлер менен жолуга элек, бирок февралдын аягына чейин алар менен көрүшүүгө ниеттенүүдө.

2-февралда өткөн маалымат жыйынында акыйкатчы Хусниддин Нидоев Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси менен байланышканын, жакын арада камактагы журналисттер Абдулло Гурбати жана Далери Имомали менен жолугушууну пландап жатканын айтты.

Ал мындан тышкары блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода кармоо учурунда кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

"Ооба, мен бул жөнүндө басылмалардан окугам, бирок эч ким кайрылган жок", - деди Нидоев.

Акыркы бир нече айда Тажикстанда жети блогер жана журналист кармалып, 7 жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту. Алар – Далери Имомали, Абдулло Гурбати, Ульфатхоним Мамадшоева, Мамадсултон Мавлоназаров, Абдусаттор Пирмухаммадзода, Завкибек Саидамини жана Хушруз Жумаев. Булар жалган маалымат таратууга, экстремисттик уюм түзүүгө, тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга айыпталууда. Журналисттер менен алардын жакындары бул айыптоолорду четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG