Эл аралык программалар борборунун директору Рамазон Одиназоданын айтымында, буга чейин бул гранттар жыл сайын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде берилип келген.
Ал ушул тапта Кыргызстанда тажикстандык 42 студент окуп жатканын, калгандары Тажикстандын жогорку окуу жайларына которулганын белгиледи.
Одиназода Тажикстанда окуган кыргызстандык студенттер "кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болбогонун" белгиледи. Ошол эле маалда ал өлкөдө канча кыргызстандык студент окуп жатканын айткан жок.
Душанбе менен Бишкек качан өз ара студенттерди кабыл ала баштай турганы белгисиз. Одиназода бул ынак коңшулук мамиле калыбына келгенден кийин мүмкүн экенин айтты.
"Озоди" радиосунун кабарлашынча, Кыргызстанда окуган тажик студенттеринин көйгөйү 2021-жылы май айында башталган. 2021-жылы апрель айындагы жаңжалдан Кыргызстан чек арасын жапкан.
Бул убакыт аралыгында Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси кескин начаралап кетти. Чек арадагы эки куралдуу кагылышуудан эки тараптан тең ондогон кишилер курман болду.