Ссылки доступа

Өзбекстан жараны АКШнын антиорусиялык санкциясына киргизилди


АКШнын Каржы министрлиги санкцияны айланып өтүп Орусиянын аскердик-өндүрүштүк комплексине жардам берген 10 кишини жана 12 компанияны кара тизмеге киргизди. Алардын арасында Өзбекстан жараны да бар.

“Орусия АКШнын санкцияларын айланып өтүү үчүн “марионеткаларды” колдонуп жатканы – санкциялар путиндик аскердик машиналардын запасын толтуруу үчүн орусиялык аскердик-өндүрүштүк комплекске олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын далилдейт”- деп айтылат АКШнын каржы министринин орун басары Уолли Адейемонун баяндамасында.

Ведомствонун маалыматына караганда, “Зименков түйүнү” деген аталыштагы топту Израиль жана Орусия жараны Игорь Зименков жетектейт. Анын үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү санкцияга кабылган “Ростекс” жана “Рособоронэкспорт” корпорацияларын колдошот.

Бул түйүндө Кипрде катталган Mateas Limited компаниясынын директору, өзбекстандык Макс Борисович Пифлакс (Max Piflaks) жана анын уулу Гилад Пифлакс бар. Ошол эле маалда Гилад Пифлакс Израиль жараны экени айтылат. 60 жаштагы Макс Пайфлакс жана анын уулу санкциядагы орусиялыктарга жардам берген израилдик DES Defense Engineering Solutions LTD компаниясы менен иштешкен.

DES Defense Engineering Solutions LTD компаниясынан башка санкциялык тизмеге Сингапурдан Asia Trading & Construction PTE LTD, Латвиядан Elektrooptika SIA, Кипрден GBD LTD, GMI Global Manufacturing & Integration LTD, Kliosa LTD, Mateas LTD, Pitaron LTD, Terra-AZ LTD, VFC Solutions LTD, Болгариядан U-Stone LTD EOOD жана Израилден Texel FCG Technology LTD компаниялары кирди.

XS
SM
MD
LG