Ссылки доступа

Шаардык сот “Азаттыктын” УКМКга каршы арызын канааттандырган жок


2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

26-январда болгон отурумда “Азаттыктын” адвокаттары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековду сотко камсыз кылуу өтүнүчүн берип соттук коллегия колдогон. Бирок бул жолку соттук жараянга Жапеков эч кандай түшүндүрмөсүз келген жок жана иш анын катышуусусуз эле каралды. “Азаттыктын” адвокаттарынын бири Тимур Султанов муну “акылга сыйгыс” деп баалады.

“Соттун токтомунун негизинде “Азаттык Медиага” каршы кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчү сотко чакырылган. Андан тышкары сот козголгон кылмыш ишин да карашы керек эле. Тилекке каршы тергөөчү келген жок. Ага эмне себеп болгонун прокурор да айта алган жок. Соттук коллегия болсо кылмыш ишин карабай туруп чечим чыгарды. Судьялар кылмыш ишин изилдебей, тергөөчүнү сурабай туруп эмненин негизинде чечим чыгарды биз түшүнгөн жокпуз”, - деди Тимур Султанов.

Сот ачык өткөнүнө карабай судьялар чечимди окууда видеого тартууга тыюу салды.

Былтыр 22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу “Азаттык Медианын” банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.
Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет. “Азаттык” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жапкан.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG