Ссылки доступа

Суу ташкынына байланыштуу Казакстандын Түркстан облусунда 204 киши эвакуацияланды


Суу ташкынына байланыштуу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт райондон 204 киши жана тургундардын 200дөн ашык мал-жандыгы эвакуацияланды. Бул тууралуу Otyrar басылмасы жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, көчүрүлгөн тургундарды убактылуу жайгаштыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары Сауран районунда төрт эвакуациялык жай даярдашкан.

Суу ташкынын токтотуу жана кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү бийликтин, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлигинин 400дөн ашык кызматкери жана 70 техника иштеп жатат. Жардамга Чымкенттен да кошума күч жана техника жөнөтүлгөнү кабарланды.

2-февралда кардын тез эришинен жана нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам Түркстан облусунда суунун деңгээли жогорулап, Кентау, Түркстан шаарларында, ошондой эле Байдибек, Ордабасы жана Сауран райондорунда 21 көчөнү жана 235 короо-жайды суу каптаган.

XS
SM
MD
LG