Энергетика министрлиги кайсы станция качан ачыларын жергиликтүү бийлик органдары аныктай турганын билдирди. Алардын ишмердүүлүгү акимдер түзгөн тизменин негизинде акырындык менен калыбына келет.
Ошол эле маалда станциялардын иштөө убактысына киргизилген чектөөлөр алынбайт. "Автогаз толтуруучу станциялардын иштөө убактысы газ куурларындагы басымдын жогорулашы менен өзгөртүлөт", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Өзбекстанда 12-январда автогаз толтуруу станциялары жабылгандан кийин өлкөнүн бардык аймагында бензиндин баасы жогорулап, май куюу жайларында кезек күткөндөр көбөйгөн.