Ссылки доступа

Кулябда калкка өзгөчө кырдаалдар жөнүндө алдын ала кабар берүү системасы орнотулат (видео)


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жардамы менен Тажикстандын Куляб шаарында табият кырсыктары тууралуу алдын ала кабар берүү системасы орнотулат. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин Куляб шаардык башкармалыгынын өкүлү Субхон Усмониёндун айтымында, мындай чара жашоочуларга суу ташкындары тууралуу алдын ала кабар берип, кооптуу жерлерден эртерээк чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында көрүлүүдө. Бул сыяктуу системаларды аймактагы суу ташкындары көп катталган Шамсиддин Шохин жана Муминабад райондоруна да орнотуу каралууда.

Төрт тарабынан тең дарыялар, суулар агып келген аймакта жайгашкан Кулябдын тургундары жыл сайын селден жабыркап келишет. Суу көчөлөр менен үйлөрдү гана каптабастан, адам өмүрүнө да коркунуч жаратат.

Бүгүнкү күндө Кулябда сел жана жер көчкү түшүү коркунучу жогору 260тан ашык кооптуу тилке бар. Аймакта 2021-жылы май айында болгон суу ташкыны алты кишинин өмүрүн алып, ондогон турак-жайды талкалаган.

XS
SM
MD
LG