Ссылки доступа

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга сурак берип чыкты


Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

Күн мурун Исаков милицияга аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Ыдырыс Исаков "Азаттык" радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

XS
SM
MD
LG