Ссылки доступа

Түркия менен Сирияда зилзаладан каза болгондор 2300дөн ашты


Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 2300дөн ашты.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500гө, Сирияда 800гө жакындады.

Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады.

Сирияда да көптөгөн курулуштар урап түшкөн. Маалыматтарга караганда, Дамаск жана Латакияда имараттар талкаланган. Зилзаланын толкуну Ливан, Ливия, Грузия, Арменияда да катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен Түркиянын Газиантеп шаарында Хетт падышачылыгы учурунда курулган тарыхый сепил талкаланды. Сирияда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Алеппо коргону зыянга учурады.

НАТОго, Евробиримдикке мүчө жана башка 45 мамлекет Анкарага жардам сунуштады. Арасында Кыргызстан, АКШ, Украина, Орусия бар. Ал эми Сирияга Иран, Орусия, Германия, Франция өңдүү бир канча өлкө көмөк көрсөтө турган болду.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

XS
SM
MD
LG